Бирдин айы 17, 2025
Убакыт: 01:47
USD
87.30
87.80
EUR
91.30
92.30
RUB
0.940
0.990

Сот Бишкектеги троллейбустун байланыш түйүндөрүн демонтаждоону мыйзамдуу деп тапты

19.12.2024 12:29
228
Сот Бишкектеги троллейбустун байланыш түйүндөрүн демонтаждоону мыйзамдуу деп тапты


Бишкек шаарынын административдик соту Бишкек мэриясынын троллейбустук байланыш түйүндөрүн демонтаждоо боюнча аракеттерин мыйзамдуу деп тапты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сот жаран Б.Борубаеванын доосун канааттандыруудан баш тартып, көрүлүп жаткан аракеттердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн ырастады.

Троллейбустардын байланыш түйүндөрүн демонтаждоо жана троллейбустарды өткөрүп берүү бир нече себептерден улам болгон:

  • Троллейбус линияларын кеңейтүүнүн жана модернизациялоонун жана маршруттарды тез арада оңдоонун татаалдыгы;
  • Айырмаланган эки бизнес-процессти башкаруунун наркы, троллейбустарды чектелген сандагы тейлөө үчүн адистештирилген персоналды кармоо зарылчылыгы;
  • "Ачык асман" демилгесин колдоо жана шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу;
  • Колдонуучулардын азайышынын туруктуу тенденциясы жана натыйжада коомдук транспорттун бул түрүнүн рентабелсиздиги;
  • Линиядагы авария бардык троллейбустардын токтоп калышына алып келет жана жүргүнчүлөрдү түшүрүүдө кыйынчылык жаралат.

Бишкек мэриясы борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн шаарды коопсуз, ыңгайлуу жана жагымдуу кылуу үчүн коомдук транспортту жана инфраструктураны модернизациялоо боюнча иштерди улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн