Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 00:38
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

Сот Фархат Исмаиловдун мандаттан ажыратылышын мыйзамдуу деп тапты

03.08.2023 17:27
528
Сот Фархат Исмаиловдун мандаттан ажыратылышын мыйзамдуу деп тапты


Бишкек административдик соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты, “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Фархат Исмаиловдун доо арызын канааттандырган жок. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын жасалма дипломдун айынан депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча чечимин мыйзамсыз деп таанууну өтүнгөн. Бул тууралуу соттон билдиришти.


Маалым болгондой, сот 4-августта Фархат Исмаиловдун кесиптеши Фарходбек Алимжановдун ушундай эле арызын карайт.


Эске салсак, УКМКнын материалдары Борбордук шайлоо комиссиясына 2022-жылдын 8-апрелинде келип түшкөн. Андан соң Билим берүү министрлигине кайрылган. КУУнун ректоратынын Фархат Исмаиловдун наамына диплом берилген эмес деп билдирген. БШК бул маселени бир жылдан кийин караган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн