Бишкектин Биринчи Май райондук соту тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, «KG Групп» курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташовдун баш коргоо чарасын узартты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Имамидин Ташов тергөөнүн жүрүшүндө – 2024-жылдын 15-январына чейин камакта болот.
Белгилей кетсек, ишкер 26-октябрда кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, Имамидин Ташовдун "Озтопарк" ЖЧКсы («KG Group») бала бакча куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкеге 12 кабаттуу турак жайды мыйзамсыз курган. Мамлекетке 52 миллион сомдук зыян келтирилген, анын ордун толтурула элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн