Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сот Кумтөрдөн дагы 2 млрд сомдон ашык каражат өндүрүү чечимин чыгарды

14.05.2021 21:41
1035
Сот Кумтөрдөн дагы 2 млрд сомдон ашык каражат өндүрүү чечимин чыгарды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасынан 2,1 миллиард сомдон ашык каражат өндүрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.


Соттун 14-майдагы чечими менен Мамлекеттик салык кызматына караштуу Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө департаментинин "Кумтөр Голд Компани" ЖАКка карата камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндөгү доо арызы канааттандырылды. Компаниядан камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2 миллиард 105 миллион 631 миң сом жана мамлекеттин эсебине 10 миллион 583 сом мамлекеттик алым өндүрүү чечими кабыл алынды.


Тараптар 30 күндүн ичинде бул чечимге карата апелляциялык тартипте даттанса болору кошумчаланды. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн