Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сот Кумтөрдөн экологиялык мыйзам бузуулар үчүн 261,7 млрд сом өндүрүү чечимин кабыл алды

07.05.2021 23:57
2156
Сот Кумтөрдөн экологиялык мыйзам бузуулар үчүн 261,7 млрд сом өндүрүү чечимин кабыл алды


Бүгүн, 2021-жылдын 7-майында, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 261 миллиард 719 миллион 674 сомду "Кумтөр Голд Компани" ишканасынан мамлекеттин пайдасына өндүрүү жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.


Жергиликтүү төрт тургун - Айбек Сарыбаев, Наристе Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кембелек Кутманов - "Кумтөр Голд Компани" ЖАКты сотко беришкен. Алардын компанияга койгон дооматы - "Кумтөр Голд Компани" ЖАК Кыргыз Республикасынын экологиялык мыйзамдарын бузуу менен Кумтөр кениндеги таштандыларды Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө көп жылдар бою сактап келген.


Ушул күнгө чейинки компаниянын иш-аракеттеринин натыйжасында, бүгүнкү күндө 183 миллион куб метр муз талкаланган.


Белгилей кетүүчү нерсе, жергиликтүү тургундар буга чейин да компанияны жоопко тартууга аракет кылышкан. Бирок, 2017-жылы юридикалык жана жеке жактарга экологиялык талаптарды коюуга тыюу салган өкмөттүн токтому кабыл алынган. Тургундар конституциялык укуктарыбыз бузулууда деп, токтомдун ушул пунктун Конституциядан алуу боюнча сотко кайрылышкан. Ал жокко чыгарылгандан кийин, алар кайрадан компаниянын үстүнөн сотко кайрылышкан.

"Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенин иштетүү учурунда Давыдов, Лысый мөңгүлөрүндө таштандыларды сактоо боюнча "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын аракеттерин мыйзамсыз деп табылсын. Ишканадан мамлекеттин пайдасына 261 миллиард 719 миллион 674 сом өндүрүлсүн. "Кумтөр Голд Компани" ЖАКнан 1 миллиард 308 миллион 653 миң 370 сом өлчөмүндө мамлекеттик милдеттеме өндүрүп алынсын", - деп айтылат соттун чечиминде.

Бул биринчи инстанциядагы соттун чечими жана компания тарабынан 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна даттанылышы мүмкүндүгүн кошумчалайбыз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн