26-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго чечим чыкты.
“Күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерилген жок. Чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калтырды”, - деди Мадумаровдун адвокаттарынын бири Юлия Богданова.
Эске салсак, Мадумаровго эки берене боюнча айып тагылууда: мамлекетке чыккынчылык кылуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн