Сот Равшан Жээнбековдун президенттик шайлоого катышкандыктан сот жараяндарына келбей коюуга уруксат сураган өтүнүчүн канааттандырган жок. Бул тууралуу бүгүнкү соттук отурумда белгилүү болду.
Мындай чечимди соттук процессти алып барып жаткан судья Азирет Медеров кабыл алды.
Буга чейин Жээнбековдун адвокаты тиешелүү өтүнүч менен кайрылган. Адвокат соттон Жээнбековдун президенттик шайлоого талапкер катары катышуусуна байланыштуу баш коргоо чарасын жокко чыгарууну суранган.
"Үй камагына байланыштуу талапкердин укугу чектелген - ал үгүт иштерин толугу менен жүргүзө албайт. Анткени сотко келүүгө мажбур болуп жатат, бирок президенттик шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамда талапкерлер шайлоо учурунда мени кылмыш жоопкерчилигине тарта албайт деп түздөн-түз көрсөтүлгөн", -деди адвокат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн