Биринчи Май райондук соту Россия Федерациясынын Бишкектеги элчилигинин алдында кандай гана митинг болбосун өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу 24.кг агенттиги кабарлады.
Маалым болгондой, мындай өтүнүч менен Биринчи Май райондук милициясы кайрылган.
Эске салсак, 24-февралда Россия Украиндагы атайын операциясын баштагандан кийин Россиянын Бишкектеги элчилигинин алдында Россиянын чечимин токтотуу каршы митинг өткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн