Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 01:29
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Сот Талас районундагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты

29.02.2024 17:21
1253
Сот Талас районундагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты


Бишкектин административдик соту эки жыл мурда Талас районундагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.


Бишкектин экс-мэри жана аталган округ боюнча мурдагы талапкер Эмилбек Абдыкадыровдун Таластагы шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган арызы канааттандырылганы такталды.


«Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 22-февралындагы №4 чечими күчүн жоготту деп табылып, сот Борбордук шайлоо комиссиясын шайлоону өттү жана Бактыбек Чойбековду Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө 2021-жылдын 14-декабрындагы №832 токтомун жокко чыгарууга милдеттендирди», - деп айтылат маалыматта.


Буга чейин Бишкектин экс-мэри Эмилбек Абдыкадыров талапкер Бактыбек Чойбековду шайлоонун жыйынтыгын карап, жараксыз деп табуу өтүнүчү менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган. Ал өз арызында Талас районунан талапкер Бактыбек Чойбековго карата шайлоо учурунда добуштарды сатып алуу фактылары аныкталганын билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн