Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сот Тилек Матраимовго өкүм чыгарып, айып пул салды

05.01.2021 16:52
808
Сот Тилек Матраимовго өкүм чыгарып, айып пул салды

Тилек Матраимовго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.


 Маалыматка ылайык, Матраимов Тилек Исмаилович  2020-жылдын 6-октябрында саат 23:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы көзөмөлсүз аймактар ​​аркылуу өткөрүү пункттарын айланып өтүп, Кыргыз Республикасынын кайтарылган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, андан кийин Өзбекстандын чек ара кызматкерлери тарабынан кармалган.

 Тергөө органдары билдиргендей, Т.Матраимов өз иш-аракеттери менен Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") менен кылмыш жасаган.


Ош шаардык сотунун 2020-жылдын 22-октябрындагы өкүмү менен ал күнөөлүү деп табылып, сот аны 220 миң сом айып пул төлөөгө өкүм кылды.


Матраимовго карата үй камагы түрүндөгү баш коргоо чарасы өкүм күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз калтырылды. Сот бул өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын жокко чыгарууга чечим чыгарды.


Сот кошумчалагандай, 5-январга карата эч бир тараптан аппеляциялык арыз түшкөн жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн