Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 08:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Сот Жанар Акаевдин пайдасына чечим чыгарды

21.12.2021 20:00
2257
Сот Жанар Акаевдин пайдасына чечим чыгарды

Бүгүн, 21-декабрда Бишкек шаардык Административдик соту Жанар Акаевге карата Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.


Белгилей кетсек, 15-декабрда БШК партиялык тизме менен шайланган талапкерлер арасында 30 пайыз гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобону өзгөрткөн. Ага ылайык, "Альянс" партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат боло турган болгон. Акаев бул чечимди сынга алып, "Альянс" партиясы аталган жобого каршы Бишкектин административдик сотуна арыз менен кайрылган.


Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Нурали
Туура эле чечим болуптур.
Касымбеков Кенжебай
Жанар Акаев иштеш керек молодец ийгилик