Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин статс-катчысы коррупциялык схеманы уюштурууга катыштыгы бар деп кармалган Сталбек Калмаков бир айга УКМКнын СИЗОсуна камалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылма жазды.
Тиешелүү чечимди Биринчи Май райондук соту бүгүн, 3-мартта кабыл алган. Судьянын өкүмүнө ылайык ал 8-апрелге чейин тергөө абагында отурат.
Эске салсак, 3-мартта Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин статс-катчысы коррупциялык схеманы уюштурууга катыштыгы бар деп УКМК тарабынан кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн