Бугу 10, 2024
Убакыт: 13:29
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сот энесин зордуктоого аракет кылган деп айыпталган жаранга козголгон кылмыш ишин токтотту

11.07.2023 10:51
332
Сот энесин зордуктоого аракет кылган деп айыпталган жаранга козголгон кылмыш ишин токтотту


Чүй облустук соту энесин зордуктоого аракет кылган деп айыпталган жаранга козголгон кылмыш ишин токтотту. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.


Айыпталуучунун өлүмүнө байланыштуу иш токтотулган. Ал түзөтүү колониясында каза болгон.


Тергөөнүн версиясы боюнча, аталган жаран 2022-жылдын июль айында Васильевка айылындагы үйүндө апасынын бөлмөсүнө кирип, анын эркине каршы ич кийимин чечип, жыныстык катнашка барууга аракет кылган. Сот аны тогуз жылга эркинен ажыраткан.


Маалым болгондой, соттолуучунун жактоочусу өкүмгө каршы даттанган. Арызда айыпталуучу күнөөсүн мойнуна албастыгы, айыптоо энесинин көрсөтмөсүнө гана негизделгени айтылат.


Жактоочу тараптын айтымында, иште зордуктоого аракет кылуу фактысын тастыктаган эч кандай далил жок. Жактоочу Аламүдүн райондук сотунун өкүмүн жокко чыгарып, ишти биринчи инстанциянын кароосуна кайтарууну өтүнгөн.


Соттолуучу түзөтүү колониясында каза болуп, экинчи инстанциядагы сотко чейин жашаган жок. Жыйынтыгында сот анын өлүмүнө байланыштуу ишин токтотту. Ошондой эле иш материалдарынан жабырлануучу өз жанын кыйганы белгилүү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн