Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сот отурумунда Атамбаевди 15 жылга, калгандарын 13 жылга эркинен ажыратуу суралды

16.06.2020 19:32
999
Сот отурумунда Атамбаевди 15 жылга, калгандарын 13 жылга эркинен ажыратуу суралды


Бүгүн, 16-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен соттук отурум өттү.


Анда мамлекеттик айыптоочулар Алмазбек Атамбаевди мүлкүн камакка алуу менен 15 жылга эркинен ажыратып, бардык мамлекеттик наамдарынан ажыратууну суранышкан.


Ал эми ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди мүлкүн камакка алуу менен 13 жылга эркинен ажыратууну суранган.


Ошондой эле прокурорлор Качкыналиевди полковник аскердик наамынан ажыратуу өтүнүчүн келтиришкен.


Мындан сырткары, Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановду да мүлкүн камакка алуу менен 13 жылга эркинен ажыратып, наамдарынан жана сыйлыктарынан ажыратууну өтүнгөн. 


Мурдагы президент сот отурумуна ден соолугуна байланышту келген эмес. Ал эми УКМКдан Атамбаев күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, абалы канааттандыралык экенин билдиришти.


Иш убактысынын бүтүп калганына байланыштуу кийинки отурум 18-июнга саат 10:00гө жылдырылды.


Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен соттук отурум жүрүп жатат. Анда айыпталуучу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов өтүүдө. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн