Пара талап кылууга шектелген журналист Эрмек Аттокуров үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту чыгарды.
Адвокаттын айтымында, тергөөчү баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган.
Буга чейин Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, А.Э. аттуу жаран Т.А. менен алдын ала сүйлөшүп алып, укук коргоо органынын кызматкеринен 1 миллион сом талап кылган.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалап акча талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголгон. Журналист кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн