Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 07:38
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Сот процессине Сапар Исаков келген жок

09.06.2020 14:05
969
Сот процессине Сапар Исаков келген жок


Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду реконструкциялоо боюнча соттук отурум уланып жатат.

Сот процессине бул иш боюнча кылмыш иши козголгон мурдагы премьер-министр Сапар Исаков келген жок. Ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков Исаковдун катын окуп берди. Анда ал мурдагы жараянда сот залынан чыгарылганын, азыр да сотко катышуудан баш тартаарын айткан. Териштирүүлөрдүн саясий өңүтү бардыгын жазган.

Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен айып коюлган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн