Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:33
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Сот "Бишкек башкы архитектуранын" жетекчиси Асхат Түлөбердиевди үй камагына чыгарды

28.12.2020 13:48
926
Сот "Бишкек башкы архитектуранын" жетекчиси Асхат Түлөбердиевди үй камагына чыгарды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Асхат Түлөбердиевди үй камагына чыгарды.

Мындай чечим 26-декабрда кабыл алынган.


Сотко чейинки процесстин алкагында ал 2021-жылдын 24-февралына чейин үй камагында болот.


Түлөбердиев 24-декабрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал коррупцияга шектелип жатат.


Тергөөнүн версиясы боюнча, 2017-жылы Бишкек мэриясынын, Жер ресурстары башкармалыгынын жана "Бишкек башкы архитектура" ЖЧКнын айрым кызматкерлери, аукционду жеңип алууга кызыкдар болгон үчүнчү жактар ​​менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, мыйзамсыз байуу максаттарын көздөп, алдын ала аныкталган жеңүүчү менен жер участоктору боюнча ойдон чыгарылган аукциондорду өткөрүшкөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн