Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Сот соода борбордун дааратканасында 13 жаштагы кызды зордуктаган жигитти актады, - депутат (ВИДЕО)

04.06.2020 15:23
1141
Сот соода борбордун дааратканасында 13 жаштагы кызды зордуктаган жигитти актады, - депутат (ВИДЕО)

 

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы "Бишкек Парк" соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы кызды зордуктаган жигитти актады. Бул тууралуу депутат Айсулуу Мамашова парламенттин жыйынында билдирди.

 

Анын айтымында, судья Айбек Эрнис уулу 13 жашар кызды зордуктаганга шектүүнү актап койгон.


"Дүйшөмбү күнү эле Балдарды коргоо күнүн белгилеп, куттуктадык. Бирок мага Bishkek Park соода борборунун ажатканасында зордукталган 13 жаштагы кыздын энеси менен адвокаты кайрылды. Далилдери бар экенине, экспертизанын корутундусу чыкканына карабай, көпчүлүккө белгилүү судья Айбек Эрнис уулу шектүү баланы актап жиберди. Ал жаш балдар лагеринде иштеп жүрчү экен. Тилекке каршы, анын башка кыздарды да зордуктаганы боюнча күбөлөр болгон экен. Бирок бүгүнкүгө чейин ал эркиндикте жүрөт. Себеби анын органдарда иштеген тааныштары бар экен. Мындай адамдар түрмөдө отурушу керек болчу", — деди Мамашова.


Ошондой эле ал иш Жогорку Сотко өткөнүн айтып, ал жакта калыс карап берүүсүн суранды.


"Судья Эрнис Айбек уулуна кайрылып кетет элем, кичине уят деген болуш керек да, жаш кыздын тагдырын ойлобойбу. Жогорку Сотко барганда калыс карап беришин суранам. Кичинекей кызды зордуктагандар эркиндикте жүрбөш керек”, - деди Мамашова.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн