Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 03:20
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Сот тарабынан издөөдө жүргөн жаран кармалды

16.05.2022 14:23
1085
Сот тарабынан издөөдө жүргөн жаран  кармалды


Чүй облусунун ИИБнын жана Кемин РИИБдин ыкчам кызматкерлери издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.


Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун ИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, Кемин райондук соту тарабынан издөөгө алынган жаранды колго түшүрүштү.


2022-жылдын январь айында, Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө 1994-жылы туулган Р.У. аттуу жаранга издөө жарыялап, жүргөн жерин аныктоо боюнча бардык зарыл болгон ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү боюнча материал келип түшкөн. Издөөдө алынган жаран 2019-жылдын май айында болгон жол кыймылынын жана автотранспортту эксплуатациялоонун эрежелерин бузуп, анын кесепетинен 4 адам каза болгондугуна байланыштуу, соттун чечими менен эркинен ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алынган.


Бул факт Кемин РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталган.

2022-жылдын 16-майында көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы ижарага алынган батирлердин биринен издөөдө жүргөн 1994-жылы туулган Р.У., кармалып, ички иштер органдарына жеткирилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн