Бугу 01, 2024
Убакыт: 14:52
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Сот зордуктоого айыпталган актер Чыңгыз Мамаевди актады

18.04.2024 10:27
449
Сот зордуктоого айыпталган актер Чыңгыз Мамаевди актады


Бишкектин Свердлов райондук соту зордуктоого айыпталган Чыңгыз Мамаевди толугу менен актады.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, соттун 2024-жылдын 17-апрелиндеги өкүмү менен М.К.Б. КР Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда, 154-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн ага коюлган айып боюнча ал күнөөсүз деп табылып, анын иш-аракеттеринде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу акталды.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын апрелинде белгилүу актер Чыңгыз Мамаев Германиянын жаранын зордуктоого шектелип кармалган.

Акын Алыкул Осмоновдун ролун аткарган Мамаевге карата “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн