Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Соцфонд пенсионерлердин санын азайтууну көздөйт

17.12.2020 13:10
12269
Соцфонд пенсионерлердин санын азайтууну көздөйт

Бюджеттин тартыштыгынан улам социалдык фонд терс чараларды көрүшү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Гүлнура Джуматаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, 2019-жылы Кыргызстандын 47 миң жараны пенсияга чыккан.


«Биз администрациялоону, Социалдык фонддун чыгымдарын оптимизациялоону сунуш кылабыз. Мындан тышкары,  терс иш-чараларды көрүүгө аргасызбыз. Өткөн жылы 47 миң жаңы пенсионер кошулду, алардын жарымы жашына чейин пенсияга чыгышты. Биз мунун бардыгын кайрадан карап чыгышыбыз керек. Болбосо, пенсионерлердин саны өсөт », - деди ал.

Пикирлер (30)

Коопсуздук коду
Жанатбек
Пенсияга жыргаганынан чыккан жок жашы жете электер. КРге 120 депутат көптүк кылат азайталы ошону. Аларга кеткен акча каражатты инвалиддерге, пенсионерлерге берели. 120 депутатка 240 жардамчынын да кереги жок. Карапайым элди да ойлогула
Жамал
Пенсионерлерди эмес, чоңдордун айлыгын кыскартуу керек.Алар деле бизге окшоп 15миңден айлык алып иштесин. Эмнеге алар креслодо отуруп эле 100миңден акча алышат да,ртеден кечке кара жумушта иштешип 15-20 миң алышат .Пенсионерлерге жабышпай башка жактан кыскартышсын. Ансыз деле айлык,пенсия менен эле жашап келе жатабыз.
Эркингуль
Туура айттыныз,булардын жайына койсон,пенсионерлерди оо дуйного деле кетиргенге даяр,тигине Садыр Жапаров келе элек жатып 1миллион доллар кетириптир агитация кылган кагаздарына эле,а айылдарды кыдырганына канча миллион жумшайт,акча жок пенсионерлерди кыскартабыз дебей,сабатсыз Садырга кетирген акчаларын эсептешсин.
Бурулкан Карагулова
Мына, дабдырлар! Силер карыбайсыңарбы? Паракорлор.
Назгүл
Кудай эми урду го.Эми эмне пенсияга чыккандарды кырып саласыңарбы?Депутаттардын,министирдин жана апарат жетекчилердин айлыктарын кыскарткыла 15000ден алышса деле болот 100000 дебей .Элге асылганыңарды токтоткула.Көрөт элем ошолордой 5000сом айлык алсаңар.
Мирбек
Емнеге азайтасынар мээ барбы силерде пенсия менен жашаб жатабызго продукта кымбат мен 1 топтогу майыпмын кудайдан корсонор эмнеме жетет даарыгабы же тамак ашкабы ойлонуп суйлогуло атка минерлердин айлыгын азайтуу керек 2 балам эмне менен багам ойлонгула