Бугу 20, 2024
Убакыт: 19:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Соцфонддун башчысы: Алымкадыр Бейшеналиев жалаң Соцфонддун кызматкерлерин кыскарткан

31.01.2022 16:14
1204
Соцфонддун башчысы: Алымкадыр Бейшеналиев жалаң Соцфонддун кызматкерлерин кыскарткан

Социалдык өнүктүрүү тармагы Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу болуп турган кезде министр Алымкадыр Бейшеналиев жалаң Соцфонддун кызматкерлерин кыскарткан. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.


Депутат Дастан Бекешев Социалдык өнүктүрүү тармагында жүргүзүлгөн реформа Соцфондго кандай таасир тийгизгенин жана Алымкадыр Бейшеналиев эмне үчүн дагы деле Соцфондго таандык унаа менен жүргөнүн сурады.


"Реформа болгондо социалдык коргоо тармагы менен Соцфонддо бирдей болушу керек эле. Бейшеналиев болсо жалаң Соцфонддун кызматкерлерин кыскарткан. Натыйжада бир кызматкерге 50 иш туура келет. Ошондуктан пенсия чегерүүдө 3-4 айга кеч калып жатабыз",- деди Алиев.


Ал эми унааны Алымкадыр Бейшеналиев жакынкы күндөрү кайтарып берерин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн