Коомдук жайларда жүргөндө социалдык аралыкты жана беткап тагынуу режимин
сактагыла. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун
басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
"Дүйнө жүзүндөгү практика жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун
сунуштамалары боюнча статистиканын төмөндөшү кабатыр болбоо жана санитардык
нормаларды сактабай коюу эмес. Баарыңыздарды коомдук жайларда жүргөндө сөзсүз
түрдө социалдык аралыкты жана беткап тагынуу режимин аткарууга чакырам, бул
абдан маанилүү",- деди Нурболот Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн