Теке 03, 2024
Убакыт: 23:17
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу мыйзамына өзгөртүүлөр кирди

03.04.2020 17:01
834
Социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу мыйзамына өзгөртүүлөр кирди


Президент Сооронбай Жээнбеков «Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына кол койду, деп маалымдады президенттин басма сөз кызматы.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 1-апрелинде кабыл алынды. Мыйзам жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 4-берененин 1-пунктунун «а» пунктчасын кошпогондо, 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Маалымат иретинде: мыйзамдарга ылайык, КР президентинин расмий сайты мыйзамдын расмий жарыялоо булагы болуп эсептелет. Ошондой эле бул мыйзам «Эркин тоо» газетасынын жакынкы санында жарыяланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн