Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Чолпон Султанбекова Социалдык фонд өзүнүн банкын түзөбү деген суроону койду.
«Социалдык фонд өзүнүн банкын ачкысы келген. Иштер кандай болуп жатат?» — деп сурады эл өлкүлү.
Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев долбоор министрлер кабинетинде каралып жатат деп жооп берди. Анын жыйынтыгы азырынча белгисиз.
«Бизде төрт мамлекеттик банк бар. Азырынча башка банк ачууну пландаган жокпуз», - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн