Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 17:20
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Социалдык фонд биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды

31.07.2024 13:31
269
Социалдык фонд биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды


Социалдык фонддун борбордук аппаратында 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү.

Фонддон билдиришкендей, жыйынды Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев ачып, фонддун маанилүү жетишкендиктерин жана алдыдагы аткарыла турган иштердин негизги багыттарын белгиледи.

Отурумга Социалдык фонддун жетекчилиги, борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчылары, ведомстволук мекемелердин директорлору катышты. Ошондой эле Социалдык фонддун 53 райондук башкармалыктарынын жетекчилери он-лайн платформа аркылуу кошулушту.

Жыйындын жүрүшүндө борбордук аппараттын башчылары аткарылган иштер боюнча кеңири баяндама жасап, учурдагы милдеттерди жана келечектеги стратегиялык пландарды талкуулап, фонддун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана заманбап технологияларды киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Негизги аспектилеринин бири катары, 2024-жылдын 1-октябрынан тарта пландаштырылган пенсияларды жогорулатууга даярдыктарды талкуулоо болду.

Коллегиянын негизги жыйынтыктары: 

  • 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын негизги жетишкендиктерин талкуулоо;
  • Учурдагы маселелерди талдоо жана аларды чечүү жолдорун аныктоо;
  • Соцфонддун 2024-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата өнүгүү пландары жана келечеги;
  • 2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларды жогорулатууга даярдоо.

Социалдык фонд өлкө боюнча пенсионерлерге кызмат көрсөтүүнү жогорку деңгээлде камсыз кылууга умтулуп, пенсия чектөө жана төлөө системасын жакшыртуунун үстүндө активдүү иштөөнү улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн