Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозитине 6,4 млн сом түштү

07.04.2020 19:57
802
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозитине 6,4 млн сом түштү


Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебине 6 млн 466 миң 962 сом келип түштү, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.


Бул каражаттын 792 миң 500 сому комиссиянын чечими аркылуу Бишкектин аймагында каттоого алынбаган (калктуу пункт макамына ээ болбогон жаңы конуштардагы) 2500 аз камсыздалган үй-бүлөнү азык-түлүк продуктулары менен камсыздоо үчүн Бишкек мэриясына багытталган. 

 

Ошондой эле Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратына 9 миң 416 муктаж үй-бүлөнү азык-түлүк топтому менен камсыздоо үчүн жөнөтүлөт. Мындан тышкары, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан муктаждарга ун жана шекер таркатылат. Финансылык каражаттардын түшүүсүнө жараша алар калган облустар боюнча бөлүштүрүлөт.

 

Мындан тышкары, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоорлоруна катышкан үй-бүлөлөрдү (Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас) ун жана өсүмдүк майы менен камсыздоо боюнча активдүү иш жүрүүдө. Атап айтканда, кызматташтык алкагында 532 тонна ун жана май таркатылган. Жакынкы күндөрү дагы 390 тонна азык-түлүк таркатуу пландаштырылууда. 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн