Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:09
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Социалдык тармакта чакырык жасагандар мамлекеттин душмандары, - депутат (видео)

11.05.2020 16:33
1006
Социалдык тармакта чакырык жасагандар мамлекеттин душмандары, - депутат (видео)


Социалдык тармактарда элди бөлүп жарган чакырыктар болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов айтып чыкты.


Ал мыйзамдуу өлкөдө элди бөлүп жарууга болгон чакырыктар болбошу керектигин, учурда Өкмөт, прократура, ИИМ, УКМК тийиштүү кадамдарды көрүүсү керектигин билдирген.


“Мыйзамсыз байыган адамдарга мен дагы каршымын. Аты аталган адамдарды эмне үчүн текшербей жатасыңар? Мыйзамсыз байыган адамдарды прокротура, финполиция эмне үчүн текшербей олтурасыңар? Кайсы убакта жеке менчике (ред. Байлыктарын) өткөргөнүн аныктасак болот. Ошол адамдарды баарыбыз билебиз, бүгүнкү күндө көп кабаттуу үйлөргө 2-3 миллиондоп жер сатып олтурганын. Өкмөт эмне үчүн текшербей жатасыңар? Уурунун орду түрмөдө болуш керек экенине мен да макулмун, бирок бүгүнкү күндө (элди дүрбөлөңгө салган. ред) чакырыктарды жасап, мамлекетте хаус кылабыз дегендер да мамлекеттин душмандары. Буларга да тез арада чара көрүш керек”, - деген Икрамов.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн