Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:06
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Социалдык тармактан таанышып, жолугушууга чыккан 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

22.03.2021 17:36
11376
Социалдык тармактан таанышып, жолугушууга чыккан 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Казакстанда 19-мартта жумуштан чыккан боюнча дайынсыз болгон Аяжан Эдилованын өлүмүнө шектелип 28 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.


Буга чейин Аяжандын туугандары жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылышкан, алар кызды табууга жардам сурашкан. Аны акыркы жолу 19-март күнү кечинде жумуштан кеткенде көрүшкөн.


"Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кыз  жоголгон күнү социалдык тармактарда таанышкан жаңы таанышы менен жолугушууга бара жаткандыгы аныкталган. Кыз анын кылмыштуу иш-аракеттеринин курмандыгы болгон", - деп билдиришкен полициядан.


Кармалган адам 1993-жылы туулган Түркстан облусунун тургуну болуп чыкты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн