Биз пневмонияга жана коронавируска каршы социалдык тармактарда айтылып жаткан дарыларды колдонууну сунуштабайбыз. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
“Бүгүнкү күндө биздин калкыбыз, бейтаптар оорудан сактануу үчүн же болбосо дарылануу үчүн социалдык тармактарда бөлүшкөн, жеке адамга гана сунушталган каражаттарды колдонууда. Ал каражаттар сунушталбайт жана биз да сунуштабайбыз. Эң негизгиси абалыңызга карап ооруканаларга кайрылуу керек”, - деди Акматова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн