Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:25
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Социалдык тармактарда балдар уурдалып жатат деген маалыматты тараткан жаран кармалды

01.12.2021 15:26
487
Социалдык тармактарда балдар уурдалып жатат деген маалыматты тараткан жаран кармалды

WhatsApp мессенжерлери аркылуу Сузак районунун аймагында массалык түрдө балдар уурдалып жатат деген үн жаздыруу тараган. Жалал-абад облустук ички иштер башкармалыгы аудио боюнча текриштирүү жүргүзгөн.


Мекеменин маалымат кызматынан белгилешкендей, билдирүүдө белгисиз аял жалаң 3-4-5-класстын окуучулары уурдалып жатканын айтат.

"Жаңылык! Биз жакта балдар уурдалып жатат. Сузакта кечинде дагы 2 бала уурдалыптыр. Ошол менен бешөө, бешөөнүн ичинен төртөө дайынсыз. Бирөө Кызыл-Байрак, Благовещенканын адырынын түбүнөн ичин жарып, ички органдарын алып кетти. Жүрөк, бөйрөк ушуларын алып кетиптир. Ошол жерден өлүгү табылыптыр. Калгандарын таппай жатышат. Ошко чейин издеп барышты. 2 аял уурдап жатыптыр. Сүрөтү менен чыкты. Мен сабак берген класстан 1 окуучу жок. Биринчи ошол жоголду. Анан калгандары жоголду. "Айбек" мектебинен 1 баланы көтөрүп качып бараткан жеринен элдер көрүп калып кыйкырып, машинасына жетейин дегенде таштап коюп качып кетип калыптыр. Жалаң 3-4-5-класстын балдары уурдалып жатат", - деп айтылган видеодо.


Бул боюнча облустук ички иштер башкармалыгынын жана Сузак РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы аудио билдирүүнү мессенжердеги тайпаларга тараткан Сузак районунун 67 жаштагы тургуну экени аныкталды.


Ал бул үн жаздырууну өзүнүн уулуна жөнөткөндүгүн, ал небересине жөнөтүп, небереси башка тайпаларга бөлүшүп жибергендигин, жасаган ишине өкүнүп жаткандыгын айтып, жалпы коомчулуктан кечирим сурады. Бул факты текшерүүнү талап кылган материал болуп катталып, учурда алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн