Бугу 15, 2024
Убакыт: 19:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Социалдык тармактарда экстремисттик уюмдун материалдарын тараткан жарандын иши сотко жөнөтүлдү

01.02.2023 18:01
210
Социалдык тармактарда экстремисттик уюмдун материалдарын тараткан жарандын иши сотко жөнөтүлдү

Ноокат районунун 25 жаштагы тургуну диний- экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таркаткандыгы үчүн иши сотко өттү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы редакциябызга кабарлады.


Белгилүү болгондой, Ноокат райондук Ички иштер бөлүмүнүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний экстремисттик уюмдун идеологиясын таратып, материалдарын сактап, өзүнө таандык интернет мейкиндигинде фейсбук социалдык баракчасына таратып жүргөндүгү аныкталган.


 Ноокат районунун тургуну 25 жаштагы Т.уулу Ж., кармалган. 


Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш -Жаза Кодексинин 332-беренесидеги (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш иши козголуп иши соттун кароосуна өткөрүлдү. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн