Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 20:29
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Соцконтракт боюнча 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя бериле баштады

29.08.2024 15:51
226
Соцконтракт боюнча 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя бериле баштады


Социалдык контракттын катышуучуларына пайызсыз насыя берүү үчүн арыздарды кабыл алуу башталды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, пайызсыз насыя социалдык контракттын катышуучуларына бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүү жана колдоо үчүн берилет.

6 айдан кем эмес ишкердик ишин жүргүзгөндүгүн ырастоочу документи бар социалдык контракттын катышуучулары бизнес-планга ылайык, ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү үчүн үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя ала алышат.

Катышуучуларга пайызсыз насыя берилгенден кийин 3 ай жеңилдик алышат, андан кийин 3 жылдын ичинде ай сайын бирдей үлүштөр менен каражаттарды төлөй башташат.

Министрлик программага катышуу үчүн жарандар “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдоруна кайрылуусу зарыл экендигин белгиледи.

Белгилей кетсек, социалдык контрактты ийгиликтүү ишке ашырган 600 кишиге 200 миң сомдон банктар аркылуу насыя берилерин президент Садыр Жапаров 22-майда "Жаңы кадам" социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме учурунда билдирген болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн