Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 13:40
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Соцтармактарда Бишкектеги мектептердин бирин басып алуу ниетин билдиришкен

Соцтармактарда Бишкектеги мектептердин бирин басып алуу ниетин билдиришкен


Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучуларынын бири Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевге «Игры Бишкек» деп аталган Telegram-каналында тараган билдирүүлөрдү көзөмөлгө алууну өтүндү. Анда мектептердин бирин басып алуу ниети жана теңтуштарын жек көрөрү жөнүндө айтылат.


Колдонуучу балдарын мектепке эле эмес, сыртка да чыгаруудан коркуп жатканын жазган.


Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, шаардын төрт районундагы билим берүү мекемелеринде тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.


«Ошондой эле кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери да тартылган», - деп билдиришти Бишкек ШИИББнан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн