Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 02:54
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Соттолгондор кандай жумуштар менен алектенет? (Сүрөт)

25.01.2021 15:22
498
Соттолгондор кандай жумуштар менен алектенет? (Сүрөт)

Соттолгон 6115 адамдын ичинен 1456сы  жумуш менен камсыз болгон. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) тараткан билдирүүдө айтылат.


"Учурда ЖАМКнын мекемелериндеги жалпы 5608 эмгекке жарамдуу соттолгондун ичинен 1456 адам иш менен камсыз болгон. №38 мекемеде пескоблок чыгаруу, №42 мекемеде бышкан кыш чыгаруу, №43 мекемеде бетон тирөөчтөрүн чыгаруу, №51 мекемеде пескоблок жана “чийки кыш” боюнча участок, №52 мекемеде балык чарбачылыгы ишке кирди. Эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташтыктын алкагында №2 жана №3 мекемеде бут кийим тигүүчү жана кийим тигүүчү өндүрүш участоктору уюшулду.


Бул цехтерде бут кийимдер, кызматкерлери үчүн формалар жана өмүр бою эркинен ажыратылган соттолгондордун атайын кийими, ич кийимдери, матрас, шейшептер тигилет", - деп жазылат маалыматта.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн