Бугу 13, 2024
Убакыт: 19:27
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Соттолгондор менен байланышты азайтуу иш планы сунушталды

18.05.2020 11:51
971
Соттолгондор менен байланышты азайтуу иш планы сунушталды


Учурда мекендештерди өлкөгө алып келүү иштери жүрүп жатат. Келген жарандарды жайгаштыруу алгоритмин так иштеп чыгуу шарт, деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык штабдын жыйынында.
 
«Ошондой эле жаза аткаруу кызматынын төрт кызматкеринде COVID-19 инфекциясы аныкталып, алар ооруканага жаткырылды. Өздүк курамдын иш планын соттолгондор менен байланышты азайткыдай түрдө иштеп чыгуу керек. Муну менен бирге коронавирус инфекциясына кабылгандар менен байланышкандарды аныктоо иштери уланууда», - деди ал.
 
Биринчи вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга коңшу өлкөлөрдө, ошол сыяктуу эле Кыргыз
станда экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу аркылуу жол трафиги көбөйгөнүн эскертип, жүк ташуучу унаалардын кирүү алгоритмин жаңылоону тапшырды.


Эске салсак, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 4 кызматкеринен Covid-19 диагнозу аныкталып, жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн