Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 19:25
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Сотторду 100% алмаштырчу убакыт келдиби?

14.04.2021 11:31
1699
Сотторду 100% алмаштырчу убакыт келдиби?

Улам бийлик алмашкан сайын соттордун чечимдери да өзгөрө бере турганын убакыт далилдеп келатат. Кандай бийлик келсе деле соттордун бийликтен көз карандысыздыгын камсыздайбыз деген убаданы беришет. Алардын акыйкат жана адилет болушун талап кылгандай болушат. Алтургай адилет чечимдерди чыгара башташты деп сүйүнүп калган учурларыбыз болот. Бирок, арадан жылдар өтүп, кайра бийлик алмашса эле, ал соттун чечимдери адилетсиз болуп калган экен деп калабыз. 


Эмнеге мындай көрүнүш бир бийликтен экинчи бийликти көздөй уланып эле келатат? Себеби, мурдгы эле судьялар улам орун алмашып, бир жерден экинчи жерге которулуп эле иштеп жатат. Анан кайдагы кескин өзгөрүү орун алат эле.

Эгерде мамлекетибизде 100% эч кимден көз каранды болбогон, коррупцияга аралашпаган, акыйкат жана адилет чечимдерди гана чыгарган соттор болсун десек, анын бир гана жолу бар. Ал жол – ушул күнгө чейин иштеп келаткан сотторду 100% алмаштыруу. Сот системасында акыркы 5-10 жылдан бери эле иштеп келаткандардын ар биринин жыйган-терген мүлктөрүн өз-өзүнчө текшерүүгө алууга болот. Жанагы анда-сандасынан чыга калып жаткан «20 батир, бир нече коттедждер», же болбосо «74 батир» дегендер жок эле дегенде ар бир экинчи соттон табылат. Таптакыр эле болбой калды дегендеринен жок дегенде 5-6дан батир чыгат. Соттун айлыгына ошончо батирди 10 жылда сатып алууга болобу? Албетте, батир сатып алмак тургай, күнүмдүк тиричиликтен артпайт. Анан кантип аларды коррупцияга малынбай иштешкен деп айта алабыз?


Сотторго иши түшүп калган жарандардан сурап көрүңүзчү, кимиси «менин ишимди караган сот эч кандай акча сураган жок» деп айтат экен. Бирөө да айта албайт. Жадакалса, майда-чүйдө эле иш менен абакка отуруп калгандарды үй камагына чыгарып коюу үчүн да бери жагы 1000 АКШ долларын сурашат. Албетте, «менден ушунча сурады, анан бердим» деп иши түшүп калган адам аны айтпайт. Бирок, жакындарынын баары аны билет. Себеби, «ушул ишти бүтүрүп алайын, карызга акча берип турчу» деп туугандарына кайрылгандар толтура.


Акыркы бир нече жылдардан бери саясий өңүттө камалгандарга карата деле түрдүү чечимдер чыкты. Бир соту аны күнөөлүү деп таап, бир нече жылга эркинен ажырартса, башкасы бир нече жыл өткөрүп, «бул таза экен» деп актап коюп жатат. Албетте, ал саясатчыга жана анын туугандарына, тарапташтарына актаган чечимди чыгарган сот чексиз адилет жана баатыр болуп көрүнөт. Коомчулукка да ошондой пикир калтырууга аракет жасашат. Бирок, андай саясатчыларды камагандары деле, актагандары деле сот системасында жүрөт. Убактысы келип, мамлекетте жаңы бийлик орной турган болсо, андай саясатчыларды кайра эле түрмөгө отургузуп кое тургандары чыгат. Ошондо кантип биздин өлкөдө саясий туруктуулук, соттордун адилеттиги түптөлөт.


Сот системасына реформа жасоо үчүн бүгүнкү күнгө чейин иштеп келаткан сотторду толугу менен алмаштыруу зарыл. Жөн эле алмаштырып койбостон, ар биринин жыйган мүлктөрүн текшерип, коррупция жолу менен тапкандарын мамлекетке кайтарып алуу зарыл. Ушундай эле ыкманы Бажы кызматында иштегендерге да колдонуу маанилүү. Ошондо гана өзгөрүү болот. Ошондо гана сот болуп, же бажы кызматкери болуп иштеп туруп, эбегейсиз байып алуу, коррупцияга малынуунун арты жакшы болбой турганына адамдардын көзү жетет. Болбосо, азыр экинин бири сот же бажы кызматкери болгусу келет. Эмне үчүн? Мамлекетке кызмат кылыш үчүн деп ойлойсузбу? Же эртерээк байып алса боло турган тармак болгону үчүнбү? Жообун өзүңүз деле түшүнүп турсаңыз керек.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн