Бугу 14, 2024
Убакыт: 03:19
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Соттун чечимине Асылбек Жээнбековдун тарапташтары нааразы (видео)

23.06.2021 19:12
1199
Соттун чечимине Асылбек Жээнбековдун тарапташтары нааразы (видео)


Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралып, сот Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөрткөн жок. Соттун алдына тынчтык митингине чыккан саясатчыны колдогондор жана тарапташтары бул чечимге макул эмес.


Митингчилердин айтымында, эл өкүлүн эркиндикте эле кармап, тергөө иштерин жүргүзө беришсе оң болмок. "Асылбек Жээнбековду камап коюудан эч кандай пайда жок. Ал кылчу иштер толтура. Аны чыгарып эле тергөө иштерин уланта беришсе туура кылышмак", - дешти.


Эске салсак, А.Жээнбековдун баш коргоо чарасы бүгүн кайрадан каралып, биринчи инстанциядагы чечим күчүндө калтырылган. Ал 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Арина
Судей на Мыло!!!