Бугу 01, 2024
Убакыт: 22:47
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Соттун чечимине карабай "Таксим" кафеси иштеп жатат (Видео)

31.03.2021 16:08
1244
Соттун чечимине карабай "Таксим" кафеси иштеп жатат (Видео)


Бишкекте  "Октябрь" кинотеатрынын жанында жайгашкан "Таксим - Бир туугандар" кафесин ижарага алган түрк ишкери  мыйзамдуу жол менен кафени бошоткусу келбей жатат. Бул тууралуу  Эрнис Акматов АКИпрессте берген маалымат жыйынында билдирди. 


Белгилүү болгондой, аталган кафе жайгашкан жер шаардык муниципиалитетке таандык. Аны убактылуу колдонуу үчүн Чынара аттуу айым алган. 2010-жылы түрк ишкери Али Ифлазоглу Чынара айымдан айына 20 миң ижара төлөп берүү келишими менен  ижарага алган. 


С.Чынаранын жактоочусунун айтымында, түрк ишкери 2017-жылы кафеде  мыйзамсыз түрдө оңдоо иштерин жүргүзгөн. Анын үстүнөн экологиялык инспекциядан арыз түшүп, Ленин райондук соту Ифлазоглунун аракетин мыйзамсыз деп тапкан. 


Бирок түрк ишкери Башкы прокуратура, УКМК жана Бишкек ШИИББге арыз жазган. Анда ал оңдоо иштерине 100 миллион сом сарптаганын жана С.Чынарага 5 миллион сом бергенин айтып чыккан.


"Келишимдин бүткөнүнө жана соттун чечимине карабай кафе бүгүнкү күндө ишин улантууда. Кафенин свети жана суусу өчүрүлгөн. Ал жерде бирөө ууланып калса, же өрт чыкса менин кызым күнөөлүү эмес. Түрк ишкери кызымды коркутуп жатат. Ушул жол менен ал өз максатына жетип, кайрадан кафени иштетүүнү уланткысы келет. Биз келишимди узарткыбыз келбейт. Ал мыйзамдуу түрдө кафени бошотсун",- деди Акматов.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн