Бугу 11, 2024
Убакыт: 14:43
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Советтик солдаттын дүйнөдөгү эң бийик эстелиги ачылат

29.06.2020 22:01
727
Советтик солдаттын дүйнөдөгү эң бийик эстелиги ачылат


Эртең, 30-июнда Россиянын Тверь облусунун Ржев районунда Советтик солдатка арналган мемориал салтанаттуу ачылат жана ага президент Владимир Путин катышат.

Мемориалда сегиз кырдуу 10 метрлик бийик дөңсөгө тургузулган борбордук скульптурасынын бийиктиги 25 метрди, салмагы 80 тоннаны түзөт жана ал чылкый колодон куюлган.

Монументке катарлаш аймактагы мемориалдык такталарга Ржев салгылашуусунда курман болгон жоокерлердин ысымдары чегилген. Мемориал өзүнө музей комплексти да камтыйт жана ал Москвадагы Жеңиш музейинин филиалы болот.

Эске салсак, 1941-жылдын октябрында башталып 17 айга созулган Ржев үчүн салгылашууларда 433 037 советтик жоокер курман болгон.

Ржев шаары 1943-жылы 3-мартта бошотулган. 4-мартта британиялык премьер-министр Уинстон Черчилль Ржевдин алынышы менен И.В.Сталинди куттуктаган. Ал эми Сталин Ржев районун абалын 1943-жылдын 3-5-августунда барып көргөн.

20 миң жашоочусу менен немецтик оккупацияда калган Ржев шаары бошотулганда алардын 150сү, 5443 турак үйдүн 297си гана аман калган.

Мемориалды куруу идеясы согуш ардагерлерине таандык жана аны президент Владимир Путин колдоого алып, курулушу 2019-жылы башталган.

Владимир Путин бул мемориалдын ачылышына Белоруссиянын президенти Александр Лукашенкону чакырды, деп кабарлады РИА “Новости”.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн