Бугу 21, 2024
Убакыт: 15:37
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Сovid-19 пандемиясынан айрым ишкерлер коркпой жатат, - мэрия

01.07.2020 13:53
1102
Сovid-19 пандемиясынан айрым ишкерлер коркпой жатат, - мэрия


Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Санитардык-экологиялык инспекциясы борбор калаадагы ишканаларды текшерип, пандемия учурунда санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.


Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, өкүнүчтүүсү ишкерлердин бардыгы тең бирдей сактык чараларын аткарбай жатышат жана санитардык талаптарды бузуп жатышат.    


Кечээ түнкүсүн эле эреже бузуу боюнча 9  факты катталып, ыйгарым укуктуу органдардын талаптарын бузуу боюнча 25 миң сомдук протоколдор түзүлдү”, - деп билдирди мэрия.


Алардын маалыматына ылайык, 29-июнга карата жалпы 1 миң 89 эреже бузуу катталып, 1 млн 838 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн