Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 16:04
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Союзбек Надырбеков жаңы кызматка дайындалды

22.02.2023 19:51
2444
Союзбек Надырбеков жаңы кызматка дайындалды

Союзбек Надырбеков Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбордун башкы директорлугуна дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Союзбек Надырбековду маданият министри Алтынбек Максутов эмгек жамаатка тааныштырды.

“Союзбек Надырбекович биздин министрликке жат киши эмес, буга чейин министрликте орун басарлык кызматты аркалап, өзүн мыкты жетекчи, мыкты мамлекеттик кызматкер катары көрсөтө алды. Анын ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеси, иш билги кесипкөйлүгү аталган маданий борбордун ишинин алга жылышына өбөлгө болот деп ойлойм”, - деди министр.

Союзбек Надырбеков 1990-жылы 16-сентябрда Ош облусунун, Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында туулган.

Билими:

2009-2013-жж. Бишкек гуманитардык университети – “Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер” факультетин бүтүргөн.

2009-2011-жж. Чунг-Анг университети (Корея) – “Ички жана тышкы саясат” багыты

2015-2017-жж. Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы – “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багыты (магистратура)

2017-ж. Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы – “Саясий институттар” багыты (аспирантура) боюнча билим алган.

Эмгек ишмердиги:
2012 – 2013жж. “Лидер жаштар клубу” КБ негиздөөчүсү, төрагасы;
2013 – 2015жж. “KGM”, азыркы “Luna travel” туристтик компаниясы башкы менеджери;
2015 – 2017жж. “Asia Children Charity” эл аралык кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору;
2017ж. “Dream K” туристтик компаниясы башкы директору;
2017 – 2018жж. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы Инфраструктура, ыктыярчылар жана илим багыты боюнча координатору;
2018 – 2019жж. “King Abdul-Aziz Camel Festival – Nomad Universe”(Сауд Аравия) Координатор;
2019ж. Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору (TURKSOY 2019) Логистика багыты боюнча жооптуу;
2019ж. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити Логистика багыты боюнча жооптуу;
2019 – 2020 жж. Дүйнөлүк этно конфедерациясында маданият боюнча менеджер;
2020 – 2021жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Республика - Ата Журт депутаттык фракциянын катчылыгынын консультанты;
2021ж. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде директордун орун басары.
2021-2023-жылдар аралыгында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматын аркалаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн