Айылыма келгем. Оорулууга зыярат кылып, көзү өткөндөргө бата багыштап, боло жүрчү зыяпаттарга катышып, айтор, күндөр зымырайт. Тоо тарапка барып бээ сүтүн ичүү өзүнчө керемет. Агамдын үйүндө конокмун. Балдарынын кылган иштерине, алек болгон амалдарына баам салып отуруп, китепке кызыктырууга аракетимди баштадым. Адегенде китептин пайда-пазилети тууралуу эки-үч күн учкай түшүндүрүп, соң жылына жүздөгөн китеп окуган алар курактуу ар кандай балдардын ийгиликтерин айтып шыктандырууга далалаттандым. Анан атамдын үйүнө барып, бала кездеги китепканамдан өзүм кичинемде окуган Олжобай Орозбаевдин “Кыл көпүрө” деген китебин таап келдим. Анын мазмунунан кызыктуу эпизоддорду айтып коюп, өзүм Таш Мияшовдун “Сүйүү жазы” повестине астейдил үңүлдүм. Бир карасам он бир жаштагы Абдысалам мен мактаган китепти ачып маңдайымда отурат. Кубанганымды айтпа. Тажап кетпесин деп ара-чолодо бир аз дене көнүүгүлөрүн жасадык. Кайра отуруп окууну уланттык.
***
Чайга чакырылдык. “Кызык жерине келдим эле” деп Абдысалам китепти жапкысы жок. Тамактангандан соң акырын артынан барып карасам, китепке сүңгүп балдар бөлмөсүндө көмкөрөсүнөн жатат. Көз тийбесин. Ушул бойдон улап кетсе экен. Телефонго тирмейип кесел болбой, китепке тигилип көсөм болсо экен. Дагы бир китепкөй жарандын илим-билимге карата даңгыр жолунун чыйыры болгой.
Коркутпа, кызыктыр! Башкарып эмес, аткарып өрнөк бол! Буюрса, китепкөй муун өнүгүүнүн өзөгүндө болот...
19.06.2021
Нуржигит Кадырбеков
Пикирлер (1)