Бугу 11, 2024
Убакыт: 13:57
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Сөз маанисин түшүнбөгөн депутаттар

11.03.2021 10:34
570
Сөз маанисин түшүнбөгөн депутаттар


Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын деңгээлин карап отуруп, эмне деп айтаарыңды да билбейсиң. Күлөйүн дейсиң, бирок мамлекеттин тагдырын калчап, мыйзамдарды жазып отурган «ишенгендерибиз» ушулар болсо, күлкү жарата турган көрүнүш эмес экенин сезесиң. Ыйлагың келет. Бирок, ошондо эле депутаттарыбыз билимдүү, маданияттуу боло калбасын түшүнөсүң.


Кечээ, 10-мартта Жогорку Кеңеште жаңы Конституциянын долбоору талкууланды. Ошол талкууда депутаттар Жанар Акаев менен Бакыт Төрөбаевдин ортосунда кайым айтышуулар орун алганын көрдүк. Б. Төрөбаев «Сен «Балашка» болчусуң, сени Атамбаев көтөргөн. Сен аны сатып кеттиң. Атасын баласы сатып кеткени бул чоң күнөө. Эч качан унутпагын, сен ким элең, анан ким болдуң?» десе, Ж. Акаев «Сизге «дары» болбоптур. Мен сиздин ордуңузда болгондо, таптакыр микрофонго чыгып сүйлөбөйт элем. Моралдык да укугуңуз жок болчу. Улам келген президенттердин этегине «намаз окуп» жүрөсүз. Сиз жадакалса атаңыздын татыктуу уулу боло алган жоксуз. Сиздин атаңыз ушул жерде депутат болгон», - деп жооп кайтарды.


Ошондо Бакыт Төрөбаевдин берген жообун жакшылап анализдеп көрүңүз: «Сен айтып жатасың, намаз окуп жатасың деп. Менин президенттер менен намаз окуганымды көрдүң беле? Биз намаз окусак өзүбүз үчүн окуйбуз. Кудайым деп, биздин мамлекетибиз ынтымакта болсун, элибиз аманчылыкта болсун деп биз өзүбүзгө намаз окуйбуз».


«Деңгээлиңе баракелде!» дебеске арга барбы? Жанар мырзанын «Улам келген президенттердин этегине «намаз окуп» жүрөсүз» дегенин түп-түз эле түшүнүп алганын кантели. «Этегине намаз окуу» деген бул кошоматтануу, жасакерленүү деген түшүнүк экенин кыязы Бакыт Эргешович билбейт окшойт. Ушундай жөнөкөй фразеологизмдердин маанисин түшүнбөгөн адамдын Жогорку Кеңеште депутат болуп отурганы кантип жаныңды кейитпейт? Эгерде кимдир-бирөө ага «Башың баш, багалчагың кара таш. Каалаганыңды жаса!» деп айта турган болсо, «Сен эмне менин башымды жанчканы жатасыңбы?» деп опурулуп чыкчудай экен.


Ошол эле убакта Жанар Акаев деле «ашөпкө» кетип, «атанын татыктуу уулу боло алган жоксуз» дебей эле койсо болмок. Мамлекеттик маанилүү маселелерге жеке маселелерди аралаштыруунун кандай кажети бар эле?


Деги эле качан биз татыктуу эл өкүлдөрүнө ээ болор экенбиз деген суроо жаралат. Ушул эле чакырылыштын депутаты Строкова кечээки талкууда: «Чимкирик болуудан тажаган жоксуңарбы?» деп кесиптештерине кайрылды. Кабыргасынан коюлган суроо болду. Же депутаттар өздөрүнүн деңгээлинен уялбай койду, же өзүбүз татыктуу депутаттарды шайлай албай койдук. Качанкыга чейин «мурдубузду бырылдатып» жүрө берет болду экенбиз?


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн