Кечээ бир балдардын кайрылуусун көрүп, сөзгө түшүнмөк беле деп койдум эле, бүгүн тилчи, профессор Сыртбай Мусаевдин Вечерний Бишкекке чыккан бир макаласын окуп маанайым катуу түштү. Ага чейин Мурат Жетимишбаев деген аксакал кишинин видео кайрылуусун көрүп да, аттиң дедим эле. Акыркы учурда кыргыз жаштары сөздү кадырлабай калды, сөзгө жыгылуу, сөзгө конок берүү деген сапат жоголуп баратат, сөздүн түпкү маанисине эмес, түз түшүнүп алып боркулдай берчү болдук деп кейичү элек. Көрсө жаштар эле эмес, аксакалдарыбыз, филолог профессорлорубуз деле ошол кейипте тура...
Каныбек Иманалиевдин көлдүн чыгаандарын, акелерин, кыргыз интеллигенциясынын уюткусу болгон академиктерин, Тилекмат Жылкайдар уулунан баштап Ишенбай Абдуразаковго чейинки дипломаттарын санап келип, "жүзү кара", "акмактар", - деген лексиконду колдонуп жаткан тентек балаңарга сөзүңөр өтсө тарбиялап койгула деп айтканын, трайбализм, бөлүп-жаруу деп баалап, буркан-шаркан түшүп жатышат.
Эгер Каныбек Иманалиев трайбализм кылып жаткан болсо, анда эмнеге Мурат Жетимишбаевдин эки сөзүнүн бири көлдүк акелер, көлдөн кандай чыгаан адамдардын чыкканы жөнүндө. Мактанганга жараша мактанганга татыктуу болуш керек.
Чокоюн маңдайына таккан Шералыны Таластан алып кетип такка отургузаарда чингизидден тараарын, Алтын-Бешик тукуму, миң династиясынын урпагы экенин айтып беришет эмеспи. Андан кем калышпай азыр деле Бирназарга такап, андан ары Тагай бийге чейин жеткирип берем деп ата-бабасынын тарыхын казгандар пайда болду го. Мактасаңар Бирназардын тукуму, акелердин учугу деп мактап анан ошолордой бол деп койсо эле душман болуп, трайбалист болуп чыга келеби?
Экинчиден Каныбек Иманалиевдин көлдүктөргө кайрылууга толук акысы бар жана Каныбек Иманалиев кандай катуу сөз айтса да көлдүк интеллигенциянын көтөрүш милдети. Иманалиев биринчи кезекте кыргыздын сыймыктары, экинчи кезекте көлдүн сыймыктары СССРдин эл артистти Болот Миңжылкиевдин бьюсттун Санкт-Петербургдагы өзү иштеген Мариинский театрынын алдына, чыгаан дипломат, сөз атасы Тилекмат акенин, Кыдыр аке Байсарынын бьюсттун КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын имаратына, кинорежиссор Төлөмүш Океевдин бьюсттун Санкт-Петербургдагы өзү окуган институтуна койдуртту. Бул кандай татаал кандай сыймык иш экенин билгендер билет. Залкар манасчы Саякбай Каралаев жөнүндө "Саякбай" деген керемет китеп жазды. Ушул иштин баарын жасап жүрүп Каныбек Иманалиев көлдүктөрдү идеалдаштырып алса, күнөө Иманалиевде эмес, акелердей боло албагандарда.
Колуңда эбегейсиз бийлик туруп, оппоненттериңди "жүзү кара", "акмактар", - деп атаба, падышаны падыша кылган калыстыгы, акыйкаттыгы, өзүңдөй болуп саясий куугунтук жеген ондогон саясатчыларды биринчи актат, анан өзүң актал, бир түндө өзүң акталып алып, калганын көзүм көрбөсүн, көчүгүмдү бөрү жесин" -дебе, көлдүк акелердей калыс бол, айкөл бол дегендин эмнеси жаман?
Марат Тагаев, журналист
Пикирлер (1)