Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун жаштар саясаты боюнча орун басары Мирлан Парханов коронавирустан айыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, ал кайталап тапшырган тестинде эки өпкөсү тең калыбына келип жаткандыгын көрсөткөн. Ал эми ПЦР-тестинин жыйынтыгы 19 күндөн кийин чыгып, андан коронавирус аныкталган эмес.
М.Парханов анын айланасындагылар арасында коронавирустун курмандыгы болгондор бар экенин айтып, коркунучтуу күндөр артта калганын билдирген.
"Эң негизгиси биздин дарыгерлерге рахмат. Алардын эрки күчтүү экендиги таң калтырды. Алар бул сыноолорду өз өмүрү үчүн коркпостон татыктуу көтөрүп жатышат"- деп жазган ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн