Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун жаштар саясаты боюнча орун басары Мирлан Пархановдон коронавирус аныкталды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
«COVID-19 жана пневмония аныкталды. Дарыланам, өзүңөрдү жакшы карагыла», - деп жазды Парханов.
1-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 439 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 5735 учур болду. Каза болгондордун жалпы саны - 62.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн