Бугу 14, 2024
Убакыт: 04:12
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Спорт тармагын колдоо жана жумуш орундары. Кыргызстандагы букмекерлердин ишин эмне үчүн кайрадан жандандыруу керек?

06.09.2022 16:10
2563
Спорт тармагын колдоо жана жумуш орундары. Кыргызстандагы букмекерлердин ишин эмне үчүн кайрадан жандандыруу керек?


Sport.kg маалымат агенттигинин спорт журналисти, дене тарбия жана спорт тармагынын отличниги Ксения Толканева, эмне үчүн Кыргызстандагы букмекердик конторалардын ишмердүүлүгүн жандандыруу керектигин түшүндүрүп берди.

 

«Спорт тармагынын кызматкери болгондугума байланыштуу, букмекердик контораларга болгон көз карашым түз жана алардын кайрадан ачылышын колдоймун. Бул тууралуу соцтармактарда айтылган бардык дискуссияларда өз оюмду айтып келем. Шек саноочулардын баардыгына спорт тармагы жана жалпы эле мамлекет үчүн тотализаторлордун иши маанилүү экендигин түшүндүрүүгө аракет жасап жатам. Мындан бир нече убакыт мурун аталган тармактын өкүлдөрү менен активдүү түрдө иштешип калгандыктан анын ички аспектилерин да абдан жакшы билем», - дейт Ксения Толканева.

 

Ал КРдагы букмекерлердин ишмердүүлүгүн эмне себептен жаңылоо керектигин мындайча чечмелеп айтып берди. «Биринчиден, бул жаштар үчүн жумуш орундары. Менин көптөгөн тааныштарым жана кесиптештерим бул тармакта оператордон менеджерге чейинки кызматтарды ээлеп, туруктуу, абройлуу жана жогорку маяналуу жумуштарда иштеп келишкен эле. Экинчиден, бул ишмердүүлүк мамлекетке кошумча киреше алып келчү. Себеби, БКлар расмий түрдө иштеп, убак-убагы менен казынага аз эмес суммадагы каражат төгүп турчу. Үчүнчүдөн, алар кайрымдуулук акцияларына катышып, дарыланууга муктаж болгондорго каржылык колдоо көрсөтүп, ооруканалардын ар кыл бөлүмдөрү менен иш алып барышчу. Жеке өзүм мындай иштерге күбө болуп, аларды ММКга чагылдырган учурларым болгон», - дейт ал.

 

«Кыргызстанда буга чейин спорт тармагын өнүктүрүүгө өнөктөштүк колдоо көрсөткөн Букмекердик компаниялардын ассоциациясы активдүү түрдө иштеп келген. Алар ар кыл мелдештерди өткөрүүгө акча бөлүп беришчү. Ата мекендик спорт активдүү түрдө каржылык колдоого алынып турчу. Аталган тармактын өкүлдөрү бир катар спорт федерацияларын, ассоциацияларды, жаш шахматчыларды, андан сырткары миңдеген оюнчулар катышкан футбол сүйүүчүлөрдүн лигасын колдоого алып келишкен», - деп кошумчалады Ксения Толканева.  

 

Ошондой эле жогоруда аталган Ассоциация Мамлекеттик спорт программаларын өнүктүрүү фондун түзүп, шаардык жана республикалык ар кыл спартакиадаларга каражат которуп турууну жана дагы балдар секцияларын түзүүнү сунушташканы бар.

 

«Каражаттар спорт жаатындагы мамлекеттик программаларды өнүктүрүүгө багытталмак. Кыргызстандын ичинде ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан ар бир БК жогоруда аталган фондго акча которуп турмак. Бул сөзсүз түрдө төлөнүүчү лицензиялык шарт болмок», - дейт ал.

 

«Букмекердик коюмдун негизи - бул кайсы бир команда үчүн мелдешүү. Ал эми оюнчунун кумары кадимки кумар эмес бул жерде спорттук мелдеш болуп калат.


Кумарканага акча саюу – бул жолдун болушу же болбой калышы болсо, букмекерлердик коюмда команданын статистикасын же оюнчунун карьерасын изилдеп чыгууга туура келет. БК кардарлары спорт тармагын эң жакшы билишет жана дүйнөлүк жаңылыктар менен ар дайым кабардар», - дейт Толканева.

 

«Бүгүнкү күндө дүйнөнүн бардык цивилизациялуу өлкөлөрүндө букмекерлердик конторалар спорттун көптөгөн түрлөрүнүн өнөктөшү болуп келет. Буга шайкеш, бул жерде албетте, адамдарды дени сак жашоого жана машыгууга үндөө жатат. Мыйзамга ылайык, өлкөдөгү БКларга коюм коюуга чет элдик жарандарга гана уруксат берилген. Бирок, ар бир жагдайдын эки тарабы бар эмеспи. Мен азыр футбол тармагында иштегендиктен, күйөрмандар оюн үчүн акча сайып жүргөнүнө, ошол эле маалда чет элдик интернет-тотализаторлорду колдонуп жатканына күбөмүн. Бул жерде байкап көрсөк, акча каражаттары мамлекеттин казынасынан кайып өтүп жаткан болот», - дейт ал.

 

«Кыргызстан үчүн букмекерлердин ишин жандандыруу абдан зарыл деп так кесе айта алам. Себеби, ал спорт тармагын колдоого толук күч болуп бере алат», - деп сөзүн жыйынтыктайт журналист.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн