Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 23:29
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Спорт тармагына тиешелүү көңүл бурбаганыбыз - бул күнөө

22.08.2021 23:44
1405
Спорт тармагына тиешелүү көңүл бурбаганыбыз - бул күнөө


“Темирди кызуусунда сок” дейт…


Кыргызстан курама командасы Орто Азия биринчилигинде Казакстандан 2 жолу утулду. Буга чейин утуп жүргөнбүз. Эки жолу тең турнирге даярдык жакшы болбой калгандыктан утулдук. Буга оюнчулардын же машыктыруучулардын күнөөсү жок. Спортчиновниктеринин күнөөсү түздөн-түз. Себеби, мага башкы машыктыруучу, клубдар кайрылып жатат, 3-турду күзгүгө жылдырбай пландалган боюнча эле Ысык-Көлдө өткөрө беришсин деп суранса болбой спорт чиновниктери жылдырып салышты. Логика боюнча биринчи чемпионаттын 3-туру өтүп, ошондо ойногон волейболчулардын даярдыгын, учурдагы формасын көрүп анан курама команда түзүлүшү керек эле. А бизде тур өтпөй калып, мурунку “заслугалары” үчүн оюнчулар чакырылды. 40 градус ысыкта күнүнө 2 жолу Бишкекте машыгып жатышты. Мындай ысыкта сбор өткөрсө организм күч топтобой эле ысык менен күрөшөт. 3-тур көлдө өткөндө оюнчулар 1 жума клубдардын эсебинен, андан кийин мамлекеттин эсебинде даярданышып, формага келип калышмак. Казактарга эки жолу тең чарчап калып утулушту. Болбосо волейболдо бүгүнкүдөй он топ астыда баратып утулганга башка түшүндүрмө жок. Кайрылып түшүндүрбөсөм бир жөн, Галина Байтерек баарыбир спортту түшүнбөйт деп кайрылган эмесмин. Кайрат Иманалиевге жазсам, маселени сурап, окуп туруп жоопсуз калтырды. Союзбек Надырбеков спорт агенттигинде жетекчи болгону менен спортту түшүнбөгөндүктөнбү же жаңы баргандыктанбы эчтеке чечим кабыл ала албашын сүйлөшкөн соң түшүндүм. Бирок, Союзбекке эскерткем, “эгер Кыргызстан ушул биринчиликте даярдык анча болбой калгандыктан утулса, түздөн-түз сенин күнөөң” деп. Федерациянын ичиндеги тренерлик орунду талашкан интригалар курама команданын ийгилигине бут тоспош керек! Союзбек мындай учурда эки тарапты угуп туруп мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн жагына чечиши керек эле. Адистер айткан эскертүүнү укпай ушундай чечим кабыл алган Союзбек спорт агенттигине отурганы татыксыз. Кайрат Иманалиев маданиятты мыкты түшүнгөн инсан. Бирок, спортту анын министрлигине алып барып кошуп салган туура эмес экенин ушул турнир жана олимпиада көрсөттү. Спорт өзүнчө министрлик болушу керек. Ага же жаштар же туризм тармагы кошулганы туура. Дүйнөнү каптаган кризистин заманында спорт гана кыргызстандыктарга кубаныч тартуулаганын көрдүк. Анан ошол спорт тармагына тиешелүү көңүл бурбаганыбыз - бул күнөө. 


Негизи, Кыргызстан коңшу өлкөлөрдү бир гана волейболдон ута алабыз. Буга чейин утуп келгенбиз. Спорттун башка игровой түрлөрүнөн такыр тең тайлаша албайбыз. Ошол бир артыкчылыгыбызды колдонуп дайыма ута турган команданы түптөш керек эле. Үй-бүлөдө деле мээси жакшы иштеп, окууда ийгилик жараткан баласына каражат жумшап, ЖОЖго окутуп, начар окуган баласына акча коротуп отурбай айылда мал бактырып коет го. Бул деле ошондой көрүнүш. Ушул убакка чейин мамлекет волейболго “для галочки” эле көңүл бөлчү. Бир жакка барыш керек болсо жол киресин каржылап коет. Утуп келсе мамлекет башчылары кабыл алып коет. Бирок, футбол, күрөш сыяктуу спортторго көңүл бурулгандай эч көңүл бурулган эмес. Элементарно бир оюнчуну Россиядан алдырганга мамлекеттин күчү жетпеди. Кыргызстандын жң күчтү либеросу Манас Нуралы уулу учурда Россияда эмгек мигранты. Ошол жигитти бакканга мамлекетте бир оруна табылбаса анан кайдагы көңүл буруу? Учурда Кыргызстандын бир нече клубу демөөрчүсүз калган. Мамлекет колдойм десе ошол клубдарды Бишкек шаарынын мэриясына, Бажы кызматына, Салык кызматына, Мегакомго байлап бериши керек. Клубдар чыңалбаса - курама күчтөнбөйт. Ош шаарынын мэриясы “Сулайман-Тоо” волейбол клубун жылына 3-4 миллион сом коротуп кармап келет. Бул сумма анча маселе чечпеген кичине эле сумма. За то, кыргыз волейболу элге кандай маанай тартуулап, өлкө намысын кандай коргоп атканын көрүп жүрөбүз. Мындан сырткары, Эл аралык беттештерди кабыл алган бир дагы залыбыз жок. Ошол залдын жоктугунан Азия биринчилиги бизде өтпөй келет. Кыргызстан чемпионаты өткөндө күйөрмандар залга батпайт. КТРК Спорт ушул турган Ферганага барып түз эфир уюштуруп бергенге жараган жок. Андыктан, Кыргызстандын волейболчуларынын ийгилигине мамлекет сыймыктанбай турсун. Ал ийгилик федерациянын, демөөрчүлөрдүн, оюнчулардын жана күйөрмандардын ийгилиги. Мамлекет сыймыктангысы келсе эми көңүл бурсун. Бирок, дагы айтам, Галина Байтерек, Кайрат Иманалиев жана Союзбек Надырбековдор спортту түшүнгөн чиновниктер эмес!.. 


Президент Садыр Жапаров сөгүш берсе адистердин айтканын кылбай, Кыргызстандын спорттогу аброю чечилип жаткан жерде туура чечимди айтып жатса реакция жасабай койгону үчүн спорт чиновниктерине эми сөгүш берсе жарашат…


Кудрет Тайчабаров, журналист 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн