Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Спорт журналисти Кабыл Макешов президент тарабынан сыйланды

23.08.2021 15:35
1141
Спорт журналисти Кабыл Макешов президент тарабынан сыйланды

Спорт журналисти Кабыл Макешов бүгүн президент Садыр Жапаров тарабынан сыйланды.

Макешов Токиодо өткөн Олимпиада оюндарын бүт чагылдырып турду.



Кабыл Макешов кыргыз спортунун тарыхын жана спорттук энциклопедияны жазып, "Кыргызстан: дене тарбия жана спорт энциклопедиясы" аттуу түстүү, 37 басма табак көлөмдөгү китеби 2011-жылдын этегинде жарыялады.


2012-жылдын 20-декабрында Кыргызстандын олимпиадалык кыймылынын тарыхын, байге алган олимпиадачылар, Азия оюндар тууралуу кеңири баяндалган "Кыргыз Республикасы: Олимпиаданын санжыралуу жолунда" деген 27 басма табак көлөмүндөгү түстүү китеби жарык көрдү.


2014-жылы сентябрь айында англис жана кыргыз тилдериде "Азия Олимпиадалык Кенеши: Азия оюндарынын тарыхы" аттуу

түстүү, 35 басма табак көлөмдөгү китеби жарык көрдү.


2015-жылы май айында Кыргыз спортунун тарыхын жана спорттук энциклопедияны толуктап жазып, "Кыргыз Республикасы: Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы" аттуу түстүү, 56 басма табак көлөмдөгү китебинин экинчи басылышы чыкты.


2015-жылдын сентябрь айында " Кыргыз Республикасы: Грек-рим күрөшү: түстүү, 18 басма табак көлөмдөгү китеби "Турар" басманканасынан басылып чыкты.


2017-жылы "Абакир - азыркынын Кошойу" деген китеби "Улуу Тоолор" басмасынан жарык көргөн.


2017-жылы «Динамо-сила в движении и единстве» толук түстүү китеби "Турар" басмасынан чыккан.


2020-жылы «Москва олимпиадасы-Кыргыз спортунун туу чокусу» деген толук түстүү китеби "Турар" басмасынан жарык көрдү.


2020-жылы «Кыргыз Республикасынын олимпиада жылдыздары» аттуу толук түстүү китеби "Турар" басмасынан чыкты.


2021-жылы "Дүйнөнү дүңгүрөткөн дзюдо" деген толук түстүү китеби "Турар" басмасынан жарык көрдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн